БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тель-Авивде жүк ташуучу унаа автобустук аялдаманы сүзгөн окуядан жабыркагандардын саны 35ке жетти. Бул туурасында РИА Новости израилдик "12-телеканалга" таянып жазды.
"Дарыгерлер 35 жабырлануучуну ооруканага жеткирди. Алардын ичинен алтоо оор, бешөө орточо оор абалда, 20 адам жеңил жаракат алган, дагы төртөө коркуп калган", — деп айтылат маалыматта.
Полиция муну теракт деп баалап, бирок расмий айта элек. Соңку маалыматында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жок кылынганын билдирген.
"Жүргүнчү ташыган автобус аялдамага келип токтогон. Ошол маалда оор жүк ташуучу унаа анын артынан келип сүзгөн. Окуя болгон жердеги жарандар жүк ташуучу унаанын айдоочусуна ок чыгарып, аны жок кылышкан. Каргашанын жагдайы такталууда", — деп билдирген полиция.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаа алгач аялдамага жакын жерде жайгашкан ЦАХАЛдын базасындагы аскер адамдарын бутага алган.