Статком: Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат

БУУнун божомолуна таянсак, Кыргызстандагы карылык тенденциясы 2030-жылга барып пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы" аттуу басылмасында жарыяланды.
Ведомство БУУнун маалыматына таянып 65 жана андан жогорку курактагы мекендештердин санын эсептеп чыккан. Анда:
калктын 4 пайыздан азыраагы — жаштар;
4 пайыздан 7 пайызга чейин — карылык алдында тургандар;
7 пайыздан жогору — карылар экени аныкталган.

"2024-жылдын башындагы статистика боюнча, 65 жана андан жогорку курактагы кыргызстандыктардын саны 407,9 миң адамды түзүп, бул калктын 5,7 пайызы болгон. БУУнун божомолуна таянсак, Кыргызстандагы карылык тенденциясы 2030-жылга барып күчүнө кирип, бул көрсөткүч 7 пайызга жетмекчи", — деп айтылат маалыматта.

Деген менен Статком Кыргызстан карылык босогосунда тургандар боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасынан тизменин соңунда экенин белгилеген. Мисалга алсак, бул көрсөткүч коңшу Казакстанда 8,8 пайызды, Азербайжанда 9,1 пайызды, Россияда 16,5 пайызды, ал эми Беларуста 17,2 пайызды түзөт.
Статком: Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштады