БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу стратегиялык маанидеги жолдор ата мекендик компаниялар тарабынан курулууда. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап жатып белгиледи.
"85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагынын өлкөнү өнүктүрүүдө мааниси эбегейсиз. Жолдордун абалы бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Биз сиздердей кесипкөй адистерибиз турганда өз жолубузду өзүбүз куруп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз алдынча бет алып кетерибизге толук ишеним бар", — деди президент.
Өлкө башчы учурда өлкөдө курулуп жаткан жолдорго да токтоло кетти. Жапаровдун айтымында, азыр мамлекеттик бюджеттин эсебинен төмөнкү жолдор салынууда:
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду;
Нарын — Баетов;
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров;
Ош — Баткен — Раззаков;
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолдору.
Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлордун эсебинен:
Бишкек — Ош унаа жолунун Жалал-Абад — Маданият тилкеси;
Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолу;
Түп — Кеген жана Корумду — Балбай баатыр автожолдору курулууда.
"Бүгүнкү күндө транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, өлкөнүн кан тамыры болгон жолдорубуз жакшырууда. Алгачкы жолу стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашырылып жатканы абдан кубандырат. Чек ара аймактарында жашаган калкыбыздын транспорттук коопсуздугун камсыздоо маселелери да колго алынган", — деди президент куттуктоо сөзүндө.
Ал Транспорт жана жол чарбасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кажыбас кайрат, дем-күч жана бакубат турмуш каалады.