Россиядан 8 айда Кыргызстанга канча акча которулганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ушул жылдын сегиз айында Россиядан Кыргызстанга 1 миллиард 828 миллион доллар которулганын Улуттук банктан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, январдан август айына чейин өлкөгө жалпысынан 1 миллиард 965,5 миллион сом которулган. Анын ичинен 93 пайызы Россияга туура келет. Тагыраагы, басымдуу бөлүгү Россиядан которулган.
Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат.
УБ тиркеме аркылуу акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салууну сунуштады