Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия урулушу мүмкүн деген соккуга жооптун варианттарын ойлонуп жатат

Президент Коргоо министрлиги Россиянын аймагына жасалышы мүмкүн деген соккуларга жооп кайтаруунун ар кандай варианттарын иштеп чыгып, сунуштап жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү НАТОнун РФ менен түздөн-түз согушуусун билдирет деген сөзүн Батыш угарына үмүт артат. Бул тууралуу президент Владимир Путин Павел Зарубинге берген маегинде айткан.
"Сөзүңүздү Батыш укту деп ойлойсузбу" деген суроого Путин "мага эч ким эч нерсе айткан жок" деп жооп кайтарып, укту деп ишенгиси келерин билдирген.

"Бул жерде кеп алардын сукку урууга уруксат берер-бербеси тууралуу болуп жаткан жок. Украин армиясы бул куралды өз алдынча колдоно албайт, ага дарамети жетпейт. Аны НАТОнун офицерлери гана иштете алат. Россиянын тереңине сокку ура турган куралды пайдалануу үчүн космостук чалгын керек, Украинада ал жок, биз муну жакшы түшүнөбүз. Ошол чалгын материалдарынын негизинде куралды иштетүүнү тейлеген адистер, мындан башка дагы бир катар аракеттер зарыл. Муну Украина армиясы өз алдынча ишке ашыра албайт. Ошондуктан азыр болуп жаткан нерсенин баары НАТО офицерлеринин колу менен жасалууда. Бул жерде маселе алардын өздөрүнө өздөрү ушундай уруксатты берер-бербеси тууралуу болууда. Албетте, биз тийиштүү чараларды көрөбүз", — деген Путин.

Ал РФтин Коргоо министрлиги Россиянын аймагына жасалышы мүмкүн деген соккуларга жооп кайтаруунун ар кандай варианттарын иштеп чыгып, сунуштап жатканын кошумчалады.
Президент Батыштын Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышуусу анын маңызын олуттуу өзгөртөрүн айтып, Россия менен НАТО (АКШ, Европа өлкөлөрү) согушуп жатканын билдирерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина боюнча акылга сыйган компромисске даяр. Путиндин маеги