Өзбекстанда парламенттик шайлоо башталды

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасына добуш берүү үчүн шайлоо участкалары ачылды. Алар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштээрин Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалым болгондой, Өзбекстандын парламенти эки палатадан турат. Депутаттар беш жылдык мөөнөткө быйыл биринчи жолу аралаш мажоритардык-пропорционалдык моделди колдонуу менен шайланат. Маселен, төмөнкү палатадагы 150 орунга 75 депутат бир мандаттуу округ боюнча, калган 75и саясий партияларга берилген добуштардын негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча келмекчи.
Бүгүн шайлоого Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП), Элдик-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу"), "Адилат" социал-демократиялык жана Экологиялык партиялары катышып жатканы белгиленди.
Бир мандаттуу округ боюнча 350 талапкер, партиялык тизме боюнча 500 талапкер катталган.
Шаардык кеңештин төрагасы боло тургандар жогорку билимдүү болушу керек. Сунуш