Жуманын башы жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда октябрдын этеги жаанчыл болсо, ноябрдын башында аз да болсо күн ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Келерки жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда октябрдын этеги жаанчыл болсо, ноябрдын башында аз да болсо күн ачылат.
Бишкекте 28-29-октябрда түнкүсүн жана 30-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Калган күндөрү күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-октябрда 14 метрге жетет.

Чүй, Талас

Аймактарда 28-29-30-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми 31-октябрда жана 1-2-ноябрда күн ачылат.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 28-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Түштүк аймактарында дагы жуманын баш жагы жаан-чачындуу болуп, андан кийин күн ачыла баштайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 28-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын

Жуманын башы, тагыраагы, 28-29-30-октябрда жаан-чачын жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор тоңуп тайгалак болот. Андан кийинки күндөрү күн ачылат.
28-октябрда айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Суук болот. Ноябрга карата аба ырайынын божомолу