Израилдин чабуулу. Иран БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйын өткөрүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тегеран Израилдин Иранга чабуулуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы миссиясы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Иран Коопсуздук кеңештин төрагасынан мындай олуттуу мыйзамсыз аракеттерди карап чыгуу жана бул кылмыштуу режимди жоопко тартуу үчүн шашылыш жыйын өткөрүүнү өтүнөт", — деп жазылган Ирандын туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен БУУнун баш катчысына жөнөткөн катында.
Эске салсак, Израиль ишембиге караган түнү Ирандын 1-октябрда жасаган ири чабуулуна жооп кылып, сокку урду. Алар бул үчүн 100дөн ашуун учакты, анын ичинде F-35 истребителдерин пайдаланган.
Ондогон стратегиялык аскердик объектилер, атап айтканда, ракета чыгарган заводдор, учкучсуз учуучу аппараттарды кураган ишканалар, баллистикалык ракеталарды кое берген базалар жабыркаганы айтылды.
Израиль Ирандын ири чабуулуна жооп кылып, сокку урду. Эмнелер белгилүү