Башым бош кезде кыз-жигит айтыштарына чыксам дейм. Төкмө акын Нурайымдын видеомаеги

Нурайым Бактияр кызы жаш төкмө акындардын катарында. Ал сахнага чыкканда залдагылар сүйүүнү, сезимди даңктаган кыз-жигит айтыштарын угарын билип калышкан.
Sputnik
Төкмө бийкеч жаштыктын жалынын кыдырата тизип төккөн саптары менен угармандын жан дүйнөсүнө орнотуп, көрүүчүлөрдү шаңга бөлөй алган таланттардын бири.
Sputnik Кыргызстан бул тармакта такшалып келе жаткан Нурайымды кепке тартты. Сөз арасында маектешим Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде фольклор багытында билим алып жатканын кошумчалады.
"Айтышта сөзүң канча жакшы болсо да комузуң күүгө түшпөй, ырдаганда үнүң жетпей турса жакшы угулбайт. Менин музыкалык билимим жок болгондуктан көп жерлерде ырдагандан тартынчумун. Бул өнөр талаасында өзүмдү эркин сезүү үчүн быйыл аталган университетке окууга тыпшырдым", — деди ал.
Ошондой эле өзүнө кошуп өнөрүн баалап колдой алган жигиттер жолукса деген тилеги бар экенин билдирди.
Тема боюнча:
Асмандан ыр келет деп ойлоп... Акын Асылбек Маратовдун видеомаеги