28-октябрга карата аба ырайы

28-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 28-октябрь, дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13 , Ысык-Көл жана Нарын дубандарында +4...+9, градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +9...+11 градуска көтөрүлөт.
Жуманын башы жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы