Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда биринчи жолу стратегиялык маанидеги жолдор ата мекендик компаниялар тарабынан курулууда. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап жатып белгиледи. "85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагынын өлкөнү өнүктүрүүдө мааниси эбегейсиз. Жолдордун абалы бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Биз сиздердей кесипкөй адистерибиз турганда өз жолубузду өзүбүз куруп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз алдынча бет алып кетерибизге толук ишеним бар", — деди президент. Ошондой эле Бүгүнкү күндө алгачкы жолу стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашырылып жатканы кубандырарын белгиледи.
Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы" аттуу басылмасында жарыяланды. мекеме БУУнун маалыматына таянып, 65 жана андан жогорку курактагы мекендештердин санын эсептеп чыккан. Анда: калктын 4 пайыздан азыраагы — жаштар; 4 пайыздан 7 пайызга чейин — карылык алдында тургандар; 7 пайыздан жогору — карылар экени аныкталган. Жыл башындагы статистика боюнча, калктын 5,7%ын карылар түзгөн. БУУнун божомолуна таянсак, 2030-жылы бул көрсөткүч 7%га жетмекчи.
Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFC 308 беттешинде польшалык атаандагы Матеуш Ребецкиге утулуп калды. Деген менен Абу-Дабиде өткөн бул таймаш турнирдин эң мыкты беттеши деп табылганын аталган уюм билдирди. Эки спортчу тең эми акчалай сыйлык алышат. Бүйүр кызыткан беттеште экөө тең жаракат алган. Оролбай уулунун мурду сынып, кармаштын жарымын шишиген көзү менен өткөрдү. Калыстар жеңишти көпчүлүк добуш менен Ребецкиге ыйгарган. Бул кыргызстандык спортчунун UFC уюмунда өткөргөн үчүнчү беттеши жана биринчи жеңилүү ызасы. Оролбай уулу буга чейинки эки таймашын жеңиш менен аяктаган.
Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңишке жетти Негизги кармаш Россия менен мамилени сактап калууну колдогон “Грузинская мечта” партиясы менен Батыштын гранттары аркылуу каржыланган оппозициялык партиялардын ортосунда болду. Sputnik Грузия маалымат агенттиги Жыйынтыгында “Грузинская мечта” партиясы добуштардын 54,08%ын алса, оппозициялык төрт партия биригип 37,5% добушка ээ болгонун кабарлады. БШК жалпысынан добуштардын 99 пайызы эсептелгенин билдирген. Муну менен жеңишке жеткен партия 150 мандаттын 90ун алмакчы. Оппозициядагы үч партия шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирип, биринин лидери 27-ноябрдан тарта нааразычылык акцияларын баштоого даяр экенин айтты. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 80 тыйынга евро 92 сом 87 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 28-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13 , Ысык-Көл жана Нарын дубандарында +4...+9, градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +9...+11 градуска көтөрүлөт.