Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2025-жылы Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды. Ведомстводон билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер, анын ичинде 2025-жылы Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Түрк мамлекеттери уюмунда боло турган төрагалыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды. Анын алкагында даярдык көрүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү Кыргызстанды талапкерлигин эл аралык уюмдардын алкагында алдыга жылдыруу маселесин карашты. Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын төрагасы, министр Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында төрт заводдун капсуласын салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Заводдор "Нарын СЭЗ — Кашкар СЭЗ" индустриялык паркында жайгаштырылат. "Нарын Шумкар" автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартуу пландалууда. Курулуш аяктаганда заводдо 10 миңден ашык иш орду түзүлүп, жылына 20 миңден ашык автоунаа чыгып турат. "Нарын чырак" светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш ордун түзүү пландалууда. "Нарын кагаз" кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумуш ордун түзүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, "Нарын алгыр технолоджи" ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык иш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Өлкөгө мобилдик байланыш жок жерлерди аныктаган эки комплекс сатып алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, алар мобилдик байланыштын сапатын текшерүүгө жана иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет."Жабдуулар өлкө боюнча 2G байланышынан баштап 5G тармагына чейин текшерип, байланыш жок жерлерди так аныктоого мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле министрлик жакында өлкөдө мобилдик байланыштын сапаты боюнча жаңы стандарт кабыл алынганын белгиледи. Ал алыскы аймактарда байланышты жакшыртууга жардам берет.
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.Ал кечээ, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү жана спорт мекемелерин кыдырган. Анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы Көркөм сүрөт жатак-мектеби дагы бар. Аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулган, учурда авариялык абалга келип, жараксыз болуп калган. Камчыбек Ташиев жеринде абалды көрүп, жатак-мектептин эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган имарат куруларын айтты."Абалы абдан оор. Бул жерде окумак тургай, турганга болбойт. Ошондуктан ж