Өлкөдө Россиянын миграция борборунун филиалын ачуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өлкөдө Россиянын Көп функционалдуу миграция борборунун филиалын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
1 / 3

Өлкөдө Россиянын Көп функционалдуу миграция борборунун филиалын ачуу пландалууда

2 / 3

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

3 / 3

Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Жылдыз Полотова Россиянын Көп функционалдуу миграция борборунун жетекчилиги менен аталган маселени талкуулага

Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Жылдыз Полотова Россиянын Көп функционалдуу миграция борборунун жетекчилиги менен аталган маселени талкуулаган.
"Филиалдын ачылышы жарандарга Россиянын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштурууга багытталган", — деди Полотова.
Ошондой эле министр Москвадагы кыргыз жарандарын кабыл алып, маселелерин укту.
Кыргызстан ЕАЭБде мигранттардын жагдайын жеңилдетчү ыкманы сунуштады