Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал кечээ, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү жана спорт мекемелерин кыдырган. Анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы Көркөм сүрөт жатак-мектеби дагы бар. Аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулган, учурда авариялык абалга келип, жараксыз болуп калган.
1 / 5

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат

2 / 5

Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди

3 / 5

Ал кечээ, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү жана спорт мекемелерин кыдырган

4 / 5

Анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы Көркөм сүрөт жатак-мектеби дагы бар

5 / 5

Аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулган, учурда авариялык абалга келип, жараксыз болуп калган

Камчыбек Ташиев жеринде абалды көрүп, жатак-мектептин эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган имарат куруларын айтты.
"Абалы абдан оор. Бул жерде окумак тургай, турганга болбойт. Ошондуктан жаңыдан куруп чыгабыз. Бардык шарттары менен 100 орундуу мектеп салынат", — деди Ташиев.
1 / 3

Камчыбек Ташиев жеринде абалды көрүп, жатак-мектептин эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган имарат куруларын айтты

2 / 3

Курулуш жакында башталат

3 / 3

Эмдиги жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши керектиги белгиленди

Курулуш жакында башталат. Эмдиги жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши керектиги белгиленди.
Мындан тышкары, УКМК төрагасы Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейге, Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебине барып, ал жерлердеги имарат, спорт залдарды куруу, оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды берди.
Ташиев кошуна өлкөлөр менен чек ара маселеси толук чечилерин айтты