Өлкөгө мобилдик байланыш жок жерлерди аныктаган комплекстер сатып алынды

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өлкөгө мобилдик байланыш жок жерлерди аныктаган эки комплекс сатып алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар мобилдик байланыштын сапатын текшерүүгө жана иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет.
"Жабдуулар өлкө боюнча 2G байланышынан баштап 5G тармагына чейин текшерип, байланыш жок жерлерди так аныктоого мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик жакында өлкөдө мобилдик байланыштын сапаты боюнча жаңы стандарт кабыл алынганын белгиледи. Ал алыскы аймактарда байланышты жакшыртууга жардам берет.
Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам сунушталды