Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ишке берилди

Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган Акылбек Жапаров бир катар объектилерди кыдырып, жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабрлашты.
1 / 3

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды

2 / 3

Маалыматка ылайык, аталган заводдун курулушуна бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн

3 / 3

Мындан тышкары, Жапаров Жалал-Абад шаарындагы реконструкцияланып жаткан жолдорго барып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген

Маалыматка ылайык, аталган заводдун курулушуна бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн.
"Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров Жалал-Абад шаарындагы реконструкцияланып жаткан жолдорго барып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген.
Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркы ачылды. Сүрөт