Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркы ачылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Аземге минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар жана коноктор катышты.
1 / 5

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркы ачылды

2 / 5

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти

3 / 5

Аземге минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар жана коноктор катышты

4 / 5

"Достук" паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт

5 / 5

Анда коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери бар

"Достук" паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт. Анда коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери бар.
Аталган жайдын курулушуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2 миллион доллар бөлгөн.
Ош шаарына Россиядан делегация келип, мектеп курула турчу жерди көрүштү