Акылбек Жапаров Ош облусуна иш сапары менен барып, объектилерди кыдырууда

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарында курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Алгач Акылбек Жапаров Ош шаарынын Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында курулуп жаткан мектепке барды.
1 / 7

Алгач Акылбек Жапаров Ош шаарынын Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында курулуп жаткан мектепке барды

2 / 7

Баары 625 окуучуга ылайыкташкан эки кабат мектептин сметалык баасы 243,5 миллион сом

3 / 7

Мындан тышкары, Кара-Суу районундагы 350 адамды иш менен камсыздай турган "Ош таза көмүр" заводунун курулушун көрдү

4 / 7

"Ош таза көмүр" заводунун курулушу

5 / 7

Андан соң минкаб башчысы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун курулушу тууралуу маалымат алды

6 / 7

Белгилүү болгондой, жолду жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалууда

7 / 7

Аталган унаа жолдун узундугу 14 чакырымды түзүп, төрт тараптуу маршруттук каттам болот

Баары 625 окуучуга ылайыкташкан эки кабат мектептин сметалык баасы 243,5 миллион сом. Мындан тышкары, Кара-Суу районундагы 350 адамды иш менен камсыздай турган "Ош таза көмүр" заводунун курулушун көрдү.
Андан соң минкаб башчысы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун курулушу тууралуу маалымат алды. Белгилүү болгондой, жолду жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Аталган унаа жолдун узундугу 14 чакырымды түзүп, төрт тараптуу маршруттук каттам болот. Кара-Дарыя дарыясында 200 метр жана Жазы дарыясында 97 метрлик 2 чоң көпүрө курулду. Учурда асфальт-бетон төшөө, лотокторду орнотуу сыяктуу иштер уланууда. Пландалган иштердин 85-90 пайызы жыйынтыкталды.
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат