Израиль Ирандын ири чабуулуна жооп кылып, сокку урду. Эмнелер белгилүү

Бул Израилдин Ирандын аймагындагы алгачкы аскердик операциясы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Израиль ишембиге караган түнү Ирандын 1-октябрда жасаган ири чабуулуна жооп кылып, сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип жазды.
Негизги маалыматтар:
Израилдин армиясы Иранга аскердик максатта сокку уруп жатканын ачык эле айткан. Ал үчүн 100дөн ашуун учакты, анын ичинде F-35 кыйраткыч учагын тарткан.
Ондогон стратегиялык аскердик объектилер, атап айтканда, ракета чыгарган заводдор, учкучсуз учуучу аппараттарды кураган ишканалар, баллистикалык ракеталарды кое берген базалар жабыркаган. Алар Тегеран, Хузестан жана Илам шаарларында жайгашкан.
Чабуул маалында Ирандын асманында жарандык учактар, анын ичинде Россиянын беш учагы жүргөн.
ЖМКлар Израиль күчтөрү жана авиациясы Иранга курал менен жооп кылууда жоготууларга учурабаганын жазды.
Эртең менен Израилдин армиясы чабуул аяктаганын жарыялады. Бул Тель-Авив расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө алган Израилдин Ирандын аймагындагы алгачкы аскердик операциясы болду.
Иран Израилге жооп берүүгө даяр экенин билдирсе, республиканын Абадан коргонуу күчтөрү "анча көп эмес зыян" келтирилгенин белгиледи.
Иран куралдын өзөктүк түрүнөн да кубаттуусу бар экенин айтты