27-октябрга карата аба ырайы

27-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жекшембиде бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 10…15, Нарын өрөөнүндө 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 12…17, Ысык-Көлкө 11…16 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 13…15, Ош шаарында 15…17 градусту көрсөтөт.
Суук болот. Ноябрга карата аба ырайынын божомолу