Садыр Жапаров эки элчини кызматынан бошотту

КР президенти Садыр Жапаров. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен республиканын Өзбекстандагы өкүлү Муса Жаманбаев кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бактыбек Аманбаев бул кызматка 2021-жылдын апрелинде келип, былтыр августтан тарта Канададагы өкүлчүлүктү кошо аркалай баштаган. Ал эми Жаманбаев 2022-жылдын апрелинен бери элчи болуп иштеп келген.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев. Архив
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды