Улуттук банктын алтын куймалары кымбаттап рекордду жаңыртты

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы жаңы рекорд койду.
25-октябрга карата баа:
100 граммдык куймалар — 780 237,50 сом;
унция (31,1 грамм) — 240 665 сом;
10 грамм — 77 427,5 сом;
беш грамм — 39 644,5 сом;
эки грамм — 16 634 сом;
бир грамм — 8967 сом.
Салыштыруу үчүн: 2015-жылы алтын куймалар сатыла баштаганда 100 граммдыктар 220-230 миң сомдун тегерегинде болчу (азыр унциясы ошончо турат).
Акыркы күндөрү дүйнөдө алтындын баасы унциясына 2,7 миң доллардан ашты.
Сегиз айда 56 млрд. сомдук алтын экспорттолгон