БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Киевдин НАТОго кошулуусу тууралуу жаңы чечим чыгаруунун кажети жок, согуш абалында турган өлкө альянска мүчө боло албайт. Бул тууралуу Германия канцлери Олаф Шольц жергиликтүү телеканалга маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Вашингтон менен Вильнюста чечим кабыл алынды, эртеңки күн кандай болорун да болжолдодук. Азыр башка чечим кабыл алуунун эч зарылдыгы жок", — деди канцлер.
Анын айтымында, согуш абалында турган өлкө альянска мүчө боло албайт. Ошол эле учурда Шольц бүгүнкү күндө "согуштан кийинки мезгилдеги коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз болуп жатканын" белгиледи.