Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украина боюнча акылга сыйган компромисске даяр. Путиндин маеги

Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бардык вариантын карап чыгууга даярдыгы, бирок дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алуу менен гана тиешелүү кадамдарга барары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россия Украина маселесин жөнгө салуу үчүн акылга сыйган компромисске барууга даяр, бирок колго илинерлик аракетти байкабай келет. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз компромисс издөөгө даярбыз, акылга сыярлык болсо ага барууга да даярбыз. Деталдарына токтолбой эле коеюн, анткени эч кандай сүйлөшүү болгон жок, каршы тарап мындан баш тартууда", — деген ал.
Анткен менен президент кандай болгон күндө да абал Россиянын пайдасына жана согуш талаасындагы азыркы реалдуулуктун негизинде чечилиши керектигин белгилеген.
"Албетте, бул жерде бир нерсени алмашуу же бир нерсеге макул болуу тууралуу сөз жок", — деди Путин.
Белгилей кетсек, БРИКС саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында Путин Украина менен болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөр тууралуу айтып жатып, мындан Киев режими баш тартып жатканына токтолгон. Президент мунун баары Киев жетекчилигинин аскердик абалды жоюп, президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр эместигинен болуп жатышы ыктымал экенин божомолдогон. Анткен менен РФ лидери "топ алар тарапта" экенин кошумчалаган.
Путин Киев режиминин сүйлөшүүдөн бир нече ирет баш тарткан аракетин туура эмес кадам деп атады. Ал Түркиянын Кара деңиздеги кеме каттамынын коопсуздугун камсыздоо боюнча демилгесин мисал келтирген: Путин Москва буга макул болгонун, бирок Киев эч кандай сүйлөшүү болбойт деп билдиргенин эске салды. Бир нече күн мурун Түркия Украинага таянып Кара деңиздеги абал боюнча жаңы демилгелерди карап көрүүнү сунуштаган, бирок Киев кайрадан баш тарткан.
Путин Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бардык вариантын карап чыгууга даяр экенин, бирок дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алуу менен гана тиешелүү кадамдарга барарын билдирди.
Казандагы БРИКС саммити
Путин Россия дүйнөдөгү кырдаалдын курчушуна даяр экенин айтты