Казандагы БРИКС саммити

Путин Россия Батышта башаламандык уюштурууда деген кинени четке какты

БРИКС саммити 22-24-октябрь күндөрү Казань шаарында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Батыш мамлекеттеринин айрымдарындагы башаламандыктын артында Россия турат деген кеп суу кечпейт, Москванын колунда андай инструмент жок. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Казанда өткөн БРИКС саммитинин алкагында Босния жана Герцеговинанын жетекчиси Милорад Додик менен сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Маалымат жыйында Батыш мамлекеттеринин айрымдарындагы башаламандыктын артында сиздер турган жоксуздарбы деген суроо узатылды. Суу кечпеген сөз. Башка кылар жумушубуз калбай калыптырбы? Башаламандык уюштуруучу инструменттерибиз да жок. Дегеле акылга сыйбаган кеп", — деди Путин.
РФ лидеринин айтымында, мунун баарын Батыш өз кызыкчылыгын таңуулап, башка мамлекеттерге карата кетирген фундаменталдык катасы үчүн жоопкерчиликтен качып, кандай болгон күндө да үстөмдүгүн сактап калуу үчүн жасап жатат.
"Дагы бир жолу кайталап коеюнчу, БРИКС эч ким менен каршылашууну каалабайт. Болгону өз жолубуз менен кетип, тең укуктуулук жана өз ара сый-урматтын негизинде кызматташуунун жаңы инструменттерин, жаңы механизмдерин жаратуудабыз. Мындан ары да ушундай эле нукта иштей беребиз", — деди Путин.
Эскерте кетсек, БРИКС саммити 22-24-октябрь күндөрү Казань шаарында өттү.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
Казандагы БРИКС саммити
Путин Россия дүйнөдөгү кырдаалдын курчушуна даяр экенин айтты