Казандагы БРИКС саммити

БРИКСтин дүйнөлүк көпчүлүктүн башын бириктирген вазийпасы. Видео

Баш-аягы маанилүү иш-чарага 40ка чукул өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кечээ жыйынтыкталган БРИКС саммитинин дүйнөлүк көпчүлүктү бириктирген вазийпасын бир видео менен ачып берген.
Видеодо Россия лидери Владимир Путин Казанда өткөн БРИКС саммитине келген конокторду тосуп жатканын көрүүгө болот. Кол алышып, кучакташып, күлүп-жайнап көрүшүп жаткан лидерлердин арасында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Түштүк Африка президенти Сирил Рамафоса, БАЭ президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайан, Ирандын жетекчиси Масуд Пезешкиан, Венесуэла президенти Николас Мадуро, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана башка үлкөндөр бар.
Эскерте кетсек, БРИКС саммити 22-октябрда башталган. Алгач тар курамдагы жыйыны өтүп, андан соң дээрлик 40ка чукул мамлекет лидерлеринин катышуусунда кеңири курамдагы БРИКС+ саммити болду. Натыйжада бир нече мамлекет уюмга кошулууга кызыкдарлыгын билдирген. Ал эми БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны 4 809 608 956 экени айтылды.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага 2011-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия кошулган. 2024-жылдын башынан бери бул топко Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген. 1-январда Россиянын уюмга төрагалыгы башталган.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКС: дүйнөнүн басымдуу бөлүгү пикирин айтты. Маанилүү билдирүүлөр