БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кечээ, 24-октябрда, Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатып, октябрь ичиндеги экинчи интервенцияны жасады. Бул тууралуу башкы банктын сайтында айтылган.
Интервенциянын алкагында Улуттук банк 55,1 миллион доллар саткан. Ага карабастан бүгүн чет элдик валютанын курсу өсүүдө. Алсак, учурда доллардын (сатуу) орточо курсу 86,15 сомго жетти. Кечээ ал 86,6, мурдагы күнү 85,86 сомдон болуп жаткан.
Бул — октябрь айындагы доллар сатуу боюнча экинчи интервенция. 8-октябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 миллион доллар саткан.