Пресс-борбор

Кайсы жолдорго акы төлөнүшү ыктымал? Транспорт министрлигинин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү пландалууда, бирок акысыз альтернативасы дагы болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, айланма жолду Чым-Коргон айылына чейин акы төлөнүүчү кылуу пландалган. Жеке компания техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп, эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок жол акы кымбат болгондуктан келишим түзүлбөй, долбоор ошол бойдон токтоп турат.
Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев (сол жакта)
"Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү планы бар. Белгилей кетүүчү жагдай, жолдун баары эмес, чечим мыйзамдын талабын жана жергиликтүү калктын кыймылын эске алуу менен кабыл алынат. Айдоочулар үчүн акысыз альтернативдүү жол болуп, тандоо укугу берилет", — деди министрдин орун басары.
Пресс-борбор
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу качан ишке берилери айтылды