ЖК төрагасы Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлөрүн билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган мааракеде Кыргызстандын гимни өзгөртүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, учурдагы гимн эгемендүүлүктү алгандан кийин жазылган.
"Биз гимнди өзгөртөбүз. Аны кабыл алганда Советтер Союзунун курамынан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутуна турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошон үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек", — деди Шакиев.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы адиси Төрөбай Жукушев
Радио
Мамлекеттик символдорду натуура колдонгондорго жазаны күчөтүү сунушталды