Курулушта майыптарга шарт түзбөй койгондорго айып салуу сунушталды

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде коомдук жайда, транспортто жана башка жерлерде майыптарга шарт түзүлүшү керектиги белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабай ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзбөгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.
Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде коомдук жайда, транспортто жана башка жерлерде майыптарга шарт түзүлүшү керектиги белгиленген.
"Иш жүзүндө мыйзамдардын жана курулуш стандарттарынын талаптары аткарылбай келет. Ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында курулуш стандарттарын сактабаган тараптарга жоопкерчиликти күчөтүү сунушталат. Мунун негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын гана эмес, улгайган жарандардын жана жаш балалуу аялдардын да жашоо сапатын жакшыртуу максатталат", — деп айтылган маалыматта.
Документке ылайык, курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабоо, анын ичинде имараттарда, курулуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө, жолдордо, көпүрөлөрдө, тротуарларда жана адамдар жүрө турган жерлерде майыптар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылбоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, пайдаланууга берүү жана кабыл алуу учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюудан баш тартуу үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.
Президент майыптар үчүн шайлоо күрөөсүн азайтууну сунуштады