БШК шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере аларын эскертти. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ал үчүн шайлоочулар 2-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайты аркылуу же 27 жерде уюштурулган добуш берүү пунктуларына арыз берүүсү керек.
"Учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар болуп саналат. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду", — деп айтылат маалыматта.
Tizme.gov.kg сайтында "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот. Ал үчүн жүзүнүн биометриясы боюнча же ID-картанын маалыматтары, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен порталга кирүү зарыл.
Системага киргенден кийин "Аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берүү" бөлүмүнө өтүп, "Арыз берүү" баскычын басуу керек. "Шайлоочунун кабинетинде" тиешелүү идентификаторлор (ПИН, паспорттун номери жана сериясы) киргизилгенде шайлоочунун жеке маалыматтары автоматтык түрдө толтурулат.
Андан кийин "Дайындалган шайлоолор" бөлүмүндө жергиликтүү кеңештин түрүн (шаар же айыл) тандоо керек.
Кийинки терезени ачканда толтурууга милдеттүү болгон пунктуларды (аты, паспорту, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүү жана башка) толтуруу керек.
"Ырастоо" баскычын баскандан кийин арыз берүү жол-жобосу аяктайт.
Шайлоочу жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүдөн баш тарткан учурда арыз берүүгѳ жол берилбейт.
Радио
Жылкыбаев: аралыктан шайлоо ички миграциядагыларга жакшы шарт түзөт