Пресс-борбор

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу качан ишке берилери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.
Ал жолдун узундугу 453 чакырым экенин эске салып, Көк-Арт ашуусундагы тоннелден башка бардык иштер бүткөнүн, ал жерде деле иштин 95 пайызы аяктап калганын айтты.
Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев
"Тоннелдеги курулуш иштерин ноябрга бүткөрүү пландалууда, бирок кышты эске алып, жолду 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда", — деди ал.
Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.
Аталган жол жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга оңтойлуу, жол киренин да арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле кендерге жана ГЭСтерге жетүүнү жеңилдетип, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылган.
Эсеп палатасы: Түндүк — Түштүк жолун куруудагы мыйзам бузуулар аныкталды