Радио

Эксперт: камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга көңүл буруу кажет

Камсыздандыруу багыты боюнча эксперт Нурсултан Чекиров жеке камсыздандыруу компаниялары арасында ОСАГО полиси өзүн киреше жагынан актабай калышы мүмкүн деген чочулоолор бар экенин айтты.
Sputnik
Камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга көңүл буруу кажет. Маалыматтык кампания күчөтүлүп, жарандарга камсыздандыруунун мааниси байма-бай айтылышы керектигин Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда ОСАГО полисин киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырбай, иш жүзүнө ашыруу убактысы келди.
"Кыргызстанда катталган автоунаа ээлери ОСАГОну 2025-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү түрдө өз каражатына сатып ала башташат. ОСАГО полисин киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырбай, иш жүзүнө ашыруу убактысы келди. Негизи камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга көңүл буруу кажет. Маалыматтык кампания күчөтүлүп, жарандарга камсыздандыруунун мааниси көп айтылышы керек. Жеке камсыздандыруу компаниялары арасында ОСАГО полиси өзүн киреше жагынан актабай калышы мүмкүн деген чочулоолор бар. Полисти сатып алуу жарандардын өзүнө эле ыңгайлуу болот", — деди Чекиров.
Ошондой эле ал 2025-жылдан тарта автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат.