Гимнди өзгөртүү ниети. Президенттин маалымат катчысы үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин гимнди өзгөртүү керек деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары кабылдоо керек. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн парламентте Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгы белгиленип, анда сүйлөгөн Шакиев гимн өзгөрө турганын айтып, жүйөсүн келтирген.
Алагөзов төраганын пикири коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачканын белгиледи.

"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор, мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок", — деп жазган Алагөзов.

Ал көпчүлүк колдобосо азыркы гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбой турганын белгилеген.
Радио
Мамлекеттик символдорду натуура колдонгондорго жазаны күчөтүү сунушталды