Унаасын камсыздандырбагандарга 2025-жылдан айып пул салына баштайт — эмнелерди билүү керек?

Sputnik
2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими (ОСАГО) жокторго айып салынат. Буга чейин азык-түлүктүн, коммуналдык кызматтардын жана башка тиричиликке зарыл буюмдардын кымбаттаганын эске алуу менен ОСАГОнун жоктугуна байланыштуу айып пул салуу мөөнөтү жылдырылган.
Автоунаа ээлери милдеттүү камсыздандыруу боюнча эмнелерди билүү керектигин Камсыздандыруу багыты боюнча эксперт Нурсултан Чекиров кеп кылды.