Казандагы БРИКС саммити

Путин Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушу эмнеге кептей турганын айтты

РФ лидери Израиль менен Ирандын каршылашуусу күчөп жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу регионду толук кандуу согушка кептейт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Газада бир жыл мурун башталган согуштук аракеттер азыр Ливанга жайылды, региондун башка мамлекеттеринен да кыйгап өткөн жок, Израиль менен Ирандын каршылашуусу күчөп кетти. Мунун баары Жакынкы Чыгышты толук кандуу согушка кептеп жатат", — деди Путин.
БРИКС саммити Казанда өтүп жатат. 22-октябрда башталган жыйын бүгүн жыйынтыкталат. БРИКС+ же аутрич форматы уюмга мүчө жана андан тышкаркы мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн түшүндүрөт. Учурда ага 36 мамлекеттин башчылары катышууда.
БРИКС өлкөлөрүнүн башчылары Израилди согушту токтотууга чакырды