Казандагы БРИКС саммити

Путин Россия дүйнөдөгү кырдаалдын курчушуна даяр экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россия эл аралык кырдаалдын курчушуна даяр, бирок абалды курчутууга барган жок. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, карама-каршы тарптагылар абалды курчутууга “ойноп” жатышат.
“Адамдар Жакынкы Чыгыш, Украинадагы чыр-чатак аймактарына байланыштуу эл аралык кырдаалдын курчушунан чочулашууда. Бирок абалды биз курчуткан жокпуз. Мындайды дайыма каршы тараптагылар жасашат, бирок биз ага даярбыз”, — деди ал.
Путин Россияны коркутуудан пайда жок экенин айтып, ал тескерисинче чыйралтарын белгиледи.
Мындан тышкары, ал Россия Батыш менен байланыштан эч качан баш тартпаганын, бирок алар тараптан Москвага карата адилетүүлүк жок экенин айтты.
РФ лидери Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу ыктымалдуулугун айтуу кыйын экенин белгилеп, Киев бир нече жолу тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын кошумчалады.
Казандагы БРИКС саммити
Путин: БРИКС Украинадагы жаңжалдын тынч жана мүмкүн болушунча тез аякташына кызыкдар