Казандагы БРИКС саммити

Путин: БРИКС Украинадагы жаңжалдын тынч жана мүмкүн болушунча тез аякташына кызыкдар

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрү Украинадагы жаңжалдын тынч жана мүмкүн болушунча тез аякташына кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Россия Батыш өлкөлөрү менен байланышуудан эч качан баш тарткан эмес.
“Эгер кимдир бирөө биз менен мамилени калыбына келтиргиси келсе каршы эмеспиз. Биз бул боюнча дайыма айтып келе жатабыз. Бирок жалдырабайбыз”, — деди Путин.
Ошондой эле ал Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча айтканын чын ниет катары баалады.
Казандагы БРИКС саммити
Си Цзиньпин: Глобалдуу Түштүктүн кыймылга келиши — дүйнөдөгү өзгөрүүнүн белгиси