Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Остин: Украинадагы чатак сүйлөшүү менен аяктайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Рим папасы Франциск менен жолуккандан кийин украин чатагы кепке келүү менен аяктай турганын айтты.
"Биз Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтып жана Украинадагы өткөөл мезгилге жеткенге жол табышыбыз керек. Мурда айтылгандай, Украинаны колдоону улантабыз, качан сүйлөшүү столуна отурарын алар өздөрү аныктайт. Мен мурдараак белгилегендей эле бул чатак кайсы бир маалда сүйлөшүүлөр менен аяктайт", — деген Римде журналисттер менен болгон суроо-жооп учурунда.
Остин католик чиркөөсүнүн башчысы аймактардагы гуманитардык көйгөйлөргө түйшөлүп турганын белгилеп, согуш отун өчүрүүгө умтулууну колдой турганын билдирген.
Июнда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу демилгеси менен чыккан. Украина Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе Москва кармашты дароо токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болорун айткан. Россия лидери, мындан сырткары, Киев НАТОго кирүүдөн баш тартканын жар салып, демилитаризация, денацификация жүргүзүлүшү керектигин белгилеген. Муну менен бирге аталган өлкө блокторго кошулбай, ортодогу позицияны кармап жана өзөктүк куралы жок мамлекет макамын алышын айткан болчу.
Путин ошондой эле антироссиялык санкциялардын алынышы керектигин эске салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мадуро: Россия менен Украинанын кепке келүүсүнө АКШ менен ЕБ тоскоол болду