Түркияда терактыдан кийин бардык аэропорттордо текшерүү күч алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Анкарадагы терактыдан кийин Түркиянын бардык аэропортторундагы коркунуч деңгээли жогорулады. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазды.
"Түркияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Террордук топтордун аэропорттордо теракт жасоо пландарынан улам коркунучтун деңгээли "кызгылт сары" түскө көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аэропортко кирген унаалар кылдаттык менен каралып, коопсуздук кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүдө.
Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аэропорту социалдык тармак аркылуу жүргүнчүлөргө аэропортто кошумча текшерүүлөр жүрүп жатканын эскертип, учууга үч саат калганда келүүгө чакырды.
23-октябрда Анкарадагы аскердик учактар менен космостук жабдууларды чыгарган TUSAŞ корпорациясынын имаратында теракт болуп, беш адам каза таап, 22 киши жаракат алды.Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая Түркиянын бийлиги теракт Күрдстан жумушчу партиясынын (Түркияда тыюу салынган террордук уюм) мүчөлөрү тарабынан жасалган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатканын билдирди.
ТИМ: Кыргызстан Анкарадагы терактыны кескин айыптайт