Казандагы БРИКС саммити

Түркия БРИКСти Израилге курал ташууга тыюу салууну колдоого чакырды

БРИКС саммити бүгүн жыйынтыкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Түркия БРИКСтин адилеттүү дүйнө тартибин жана соода алакасын түзөрүнө ишенет. Бул туурасында Эрдоган Казанда өтүп жаткан саммитте билдирди.
Анын айтымында, Жакынкы Чыгышта кан төгүү токтотулмайын, адилеттүүлүк жана келечектеги өнүгүү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.
Түрк лидери БРИКСти Израилге курал ташууга тыюу салууну колдоого чакырып кетти.
"Израилдин зомбулук аракети эбак эле чектен чыккан. Палестин эли геноцидге кабылды. XXI кылымда болуп жаткан окуяга көз жумуп коюу эч кимди жоопкерчиликтен бошотпойт. Палестинаны тааныбаган мамлекеттерге ушул багытта кадам жасоого чакырам. Израилди курал-жарак менен камсыздоону уланткан сайын ал акылынан тайып жатат", — деди Эрдоган.
Казанда өтүп жаткан БРИКС саммити 22-октябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталат. БРИКС+ форматындагы жыйынга 36 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.
Казандагы БРИКС саммити
Тынчтык, коопсуздук. Путин Казандагы саммитте бир нече билдирүү жасады