Казандагы БРИКС саммити

Тынчтык, коопсуздук. Путин Казандагы саммитте бир нече билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин "БРИКС плюс" саммитин ачып жатып, маанилүү бир нече билдирүү жасады.
Эске салсак, бүгүн БРИКС саммитинин үчүнчү күнү өтүп жатат. Кечээ бирикмеге кирген өлкөлөрдүн лидерлери сүйлөгөн. Бүгүн аларга ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана башка уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн башчылары кошулду. Баш-аягы аталган иш-чарага 40ка чукул мамлекеттен өкүлдөр катышып жатат.
Төмөндө Россия лидеринин сөздөрүнөн алып беребиз:
саммитте дүйнө коомчулугун өзгөчө тынчсыздандырган эң актуалдуу маселелер каралат. Алар: туруктуу өнүгүү, жакырчылыкты жоюу, климаттын өзгөрүшүнө көнүшүү, технологиялар жана билимдер менен алмашуу, террорчулук жана чек аралардагы кылмыштуулук менен күрөшүү;
чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы курчуп кеткен кырдаалды "чындап талкуулайбыз";
Украинаны Россиянын коопсуздугуна олуттуу коркунучтарды жаратуу үчүн колдонушууда, РФтин ар тараптуу кызыкчылыктары эске алынган жок;
Россияга чабуул коем дегендер анын тарыхын, келип чыгышын билишпейт, куру кыялга жетеленип алышкан;
БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африка, Азия жана Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн мүчөлүгүн жана катышуусун кеңейтиш керек. Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрүн азыркы реалдуулукка ылайыкташтыруу зарылдыгы турат;
40 миңден ашуун адам Газа тилкесиндеги согуштарда каза тапты, алардын арбыны — жай жарандар. Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөнгө салуу дүйнөлүк жалпы прнициптердин негизинде болушу лаазым. Палестина жергесинде тарыхый адилетсиздикти жойбой туруп, аймакта тынчтыкты орнотуу мүмкүн эмес;
Батыштын "эрежелерге негизделген тартибинин" артында Африка, Азия жана Латын Америкасын ооздуктоо аракети жатат. Алар бир тараптуу мыйзамсыз санкциялар, ачык жүргүзүлүп жаткан протекционизм, фондулук жана акча рынокторундагы амалдуу ыкмалар, "демократияны сактайбыз" деген шылтоо менен өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүдө.
Казандагы БРИКС саммити
Путин: БРИКС тынчтык, акыйкаттык жана теңдик баалуулуктарын карманат