Радио

Быйыл 9 айда өрт кырсыктарынан 30 адам көз жумду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов быйыл тогуз айда 2 274 өрт кырсыгы катталганын айтты.
Sputnik
Кышында катталган өрт кырсыктары өзгөчө коркунучтуу, көп да катталат. Бул тууралуу Асхат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көп учурда өрттүн себеби кайдыгерлик болуп саналат.
"Былтыр 9 айда 2 636 өрт кырсыгы катталган, быйыл ошол эле аралыкта 2 274 учур болду. Салыштырмалуу 13 пайызга азайды. Бирок, тилекке каршы, быйыл өрт кырсыктарынын кесепетинен көз жумган адамдардын саны былтыркыдан көп. Өткөн жылы 28 адам каза болсо, быйыл 30 адам каза болду. Адам өмүрүн алган кырсыктар көбүнчө кышында болот. Бул мезгилде катталган өрт кырсыктары көбүнчө мештерден чыгып, турак үйлөр күйүп кетет. Кырсыктын башкы себеби — өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандык. Кайдыгерликтин айынан көп жыл иштеп тургузган үй бир заматта күлгө айланып кетиши мүмкүн", — деди Муканов.
Ошондой эле ал элди өрт коопсуздугунун эрежелерин бекем сактоого чакырып, бул нерсе кырсыкты алдын алуунун башкы эрежеси экенин кошумчалады.