БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу мыйзамы биринчи окууда жактырылды.
Аны депутат Элдар Сулайманов демилгелеген. Мыйзам долбооруна ылайык, гидроциклдерди иштеткени үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпка жыгуу сунушталууда.
Демилгечи мыйзам долбоорунун максаты эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана экологияга терс таасирди азайтуу экенин белгилеген.