Пресс-борбор

Наркология борборуна психоактивдүү заттарды колдонгон 224 өспүрүм кайрылган

Республикалык наркология борборуна кайрылган өспүрүмдөргө акысыз жардам көрсөтүлөрү жана дарылоо жашыруун жүрөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Республкалык наркология борборуна 9 айда психоактивдүү заттарды колдонгон 224 өспүрүм кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева билдирди.
Республкалык наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде белгилегендей, 2019-жылы 72 психоактивдүү заттарды колдонгон өспүрүм катталса, бул көрсөткүч 2020-жылы 65ке, 2021-жылы 261ге, 2022-жылы 286га, 2023-жылы 382ге жеткен.

"Атайын заттарды колдонуудан улам психикалык жүрүм-туруму бузулгандардын саны ушундай. Реалдуу саны мындан кыйла көп болушу ыктымал. Ички чектөөсүн жеңип, эрки жеткендери гана Наркология борборуна кайрылышат. Бизде балдардын, өспүрүмдөрдүн дарыгер-психологдору иштеген амбулатордук бөлүм бар. Жардам акысыз, жашыруун көрүнүүгө шарттар бар. Баңгилик көз карандылык — бул чөйрөнүн таасири, генетика, психологиялык травма жана башкалар аралашкан глобалдуу компонент экенин түшүнүү зарыл", — деди Сагымбаева.

Пресс-борбор
Бир муундан ажырап калуу коркунучу турат. Кыргызстандагы баңгилик тууралуу