ТИМ: Кыргызстан Анкарадагы терактыны кескин айыптайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган.
Министрлик 23-октябрда Анкара шаарында болгон террордук актыга байланыштуу билдирүү тараткан.
"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык TUSAŞ компаниясында болгон терактыны кескин айыптайт. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө Түркияны колдой турганы кошумчаланган.
Анкарадагы терактыдан көз жумгандардын саны беш кишиге жетти