Талас шаарында видеокамералар орнотулду

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Талас шаарынын 38 жерине 64 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
1 / 2

Талас шаарынын 38 жерине 64 видеокамера орнотулду

2 / 2

Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн

Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн.
"Талас шаарынын 38 жерине 64 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Алардын ичинен 10у адамды жүзүнөн тааныйт, бешөө автоунаалардын мамлекеттик номерин аныктайт, ал эми калган 49у көзөмөл камералар. Аппараттар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат. Ошондой эле шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө жана мэрияга онлайн-форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган", — деп айтылат маалыматта.
Видеокамераларды ИИМдин "Коопсуз өлкө" борборуна кошуу аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Оштогу "Коопсуз шаардын" камералары эреже бузган жөө адамдарды да тартат