БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти жактайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казанда өтүп жаткан БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тандалмалуу өлкөлөр эл аралык сооданы тескеп, каржы системасындагы манипуляциялоо аркылуу байып жатат.
"Учурда эл аралык укук иштебей эле күчтүүлөрдүн үстөмдүгү күч алып жатат. Барган сайын жаңы ажырым жараткан сызыктар пайда болуп, жаратмандыкка жана жакырчылыкты жеңүүгө жумшаса боло турган каражаттар куралданууга сарпталууда", — деди мамлекет башчы.
Президент Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү жактай турганын айтты.
Жапаров дүйнөдөгү геосаясий абалдын курчушуна карабай Кыргызстан туруктуу өнүгүү чараларын көрүп, экономикасы өсүп жатканын белгиледи.
"Бул саясий эрк жана эффективдүү башкаруу менен чакан өлкөлөр да экономикалык жетишкендиктерди камсыздай аларын көрсөтүп турат", — деди өлкө башчы.
24 Тогуздун айы 2024, 16:45