Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Сатыев кийинки беш жылда өлкөнүн сот тармагын жетектемекчи.
Эске салсак, Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылдын февраль айында дайындалган Замирбек Базарбеков 9-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Соттор кеңеши Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштап, парламент макулдук берген.
Радио
Сыдыков: жарандык иштер боюнча сот өкүлчүлүгү институту реформаланат