Депутаттар автобекеттин жабылганы боюнча мэрияга сын айтышты

Депутаттар мэрия алдын ала маалымат бербегенин белгилеп, жарандарга татаалдыктарды жаратканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Батыш автобекетиндеги каттамдарды жаңы автобекетке көчүрүүдө мэрия чабал иштегенин айтышты.
Алсак, депутат Бактыяр Калпаев жарандарга маалымат жетпей түшүнбөстүк жаралганын белгиледи. Буга утурлай, депутат Аида Исатбек кызы дагы бул маселе боюнча жарандардан кайрылуулар көп келгенин айтты.
"Автобекет качан көчүрүлө тургандыгы тууралуу толук маалымат берилген эмес окшойт. Кечээ автобекетке барып алган жүргүнчүлөр ыңгайсыз абалда калып, нааразы болушууда. Көчүрүп кетишти, эми ал жакка автобустар каттайт деп жатышат. Мэрияга кайрылат элем, ошол тууралуу да тагыраак маалымат берип койсоңор", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, кечээ мэрия Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлгөнүн жар салган. Алдын ала маалымат берилбегендиктен барып алгандар убара тартышкан.
Ал арада муниципалитет мурунку Батыш автобекетинен жаңысы жайгашкан Алматы, 1/1 дарегине №13 автобус каттап жатканын билдирди.
Аймактардан келген айдоочулар автоунаасы менен шаарга кирбеши үчүн стимул берилет